Menu

Режеп Тайып Эрдоган: “Жамал Хашоггинин өлтүрүлүшүн далилдеген аудиожазмалар АКШ, Франция, Германия, Британия жана Саудия сыяктуу 5 өлкөгө берилди”

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу бардык аудиожазуулар Саудия, АКШ, Франция, Германия жана Британия сыяктуу 5 өлкөгө өткөрүлүп берилгенин айтты. Бул тууралуу Аnadolu маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Сауд Арабиянын бийлиги бул аудиожазууларды угуп чыкты. Керек болсо алар журналистти кимдер өлтүргөнүн да билишет. Кылмышкерлер журналисттин өлүмүнө бир күн калганда Стамбулга учуп келген 15 же 18 кишинин катарында бар. Бул жерден таза иликтөө кылганда гана чындык ачыкка чыгарын билип жатам”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Түркиянын Башкы прокуратурасы журналистти “адегенде муунтуп өлтүрүп, андан соң жиликтеп салышкан”, – деп билдирген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: