Жалал-Абадда журналисттин бычакталышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Кылмыш иши Кылмыш-жаза крдексинин 151-беренесинин (“журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу”) негизинде факт боюнча козголду.
Мунун алдында жабыркаган журналист Санрабия Сатыбалдиева милицияга арыз жазгандан баш тартканын, Дарыгерлер жараат алган колун тигип беришкенин билдирген.
Баштапкы маалыматка караганда, Санрабия Сатыбалдиевага 9-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө бычак шилтеген. Жабыркаган журналист азыр ооруканада.
Санрабия Сатыбалдиева – “YouTube” сайтындагы Malina.TV каналынын негиздөөчүсү жана алып баруучусу. Ал эфирден түрдүү социалдык маселелерди көтөрүп чыгып жүрөт.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ