Menu

Рахмон: Велотуристтерге кол салуу милиционерлердин шалаакылыгынан улам болду

Бөлүшүү:

Дангара-Душанбе жолунда чет өлкөлүк туристтерге кол салуу милиция кызматкерлери менен жергиликтүү атайын кызмат өкүлдөрүнүн шалаакылыгынан улам болгон. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 10-ноябрда тажик милициясынын күнүнө арналган жыйын маалында билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчы чет өлкөлүк туристтерге кол салуунун алдын ала албагандыгы үчүн Нуреке шаарындагы УКМК жана ИИМ кызматкерлерин сынга алды. Рахмондун айтымында, террорчулар бул кылмышка жарым жыл даярданышкан.

«Ал топтун мүчөлөрү коопсуздук кызматы менен милициянын тизмесинде болгон, алардын ар бир кадамы көзөмөлдөнүшү керек эле. Кол салууга чейин алардын канча жолу жолугушууларды уюштурганын карагылачы. Бул кылмыштын алдын алса болмок. Бирок биз шалаакылык кылдык», — деди өлкө башчы.

29-июлда террорчулар Тажикстанды кыдырып жүргөн чет өлкөлүк туристтерди автоунаа менен койдуруп кетишкен. Андан соң саякатчыларга балта жана бычактар менен кол салышкан. Анда төрт киши мерт болуп, дагы экөө оор жаракат алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: