Menu

Батыш лидерлери азыркы жана 1930-жылдардагы көрүнүштөрдүн окшоштугун белгилешти

Бөлүшүү:

Германиянын канцлери Ангела Меркель Париж тынчтык форумундагы сөзүндө улутчулдукка кайтып баруу коркунучу бар экенин эскертип, дүйнөдөгү согуштук жаңжалдарды тынчтык жол менен чечүүгө үндөдү.

11-ноябрда Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын жүз жылдыгына арналган иш-чарага катышкан Меркель ал согуш «улутчулдук менен аскердик текебердик эмнеге алып барышы мүмкүн экенин» көрсөткөнүн белгиледи.

Германиянын канцлери Сириядагы жаңжалды токтотуунун саясий чечимин табууга жана Йемендеги кан төгүүнү токтотууга чакырды. Меркелдин айтымында, учурда Йеменде эң оор гуманитардык каатчылык болууда.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон улутчулдуктун жайылышынан сак болуу керектигин белгилеп, бул Европа үчүн жыйынтыгында Экинчи дүйнөлүк согуш башталган 1930-жылдардагыдай доорду ачышы мүмкүндүгүн айтты.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дагы азыркы учурдагы айрым окуялар менен XX кылымдын 30-жылдарындагы окуялардын окшоштуктары бар экенин белгиледи. Ал «күтүлбөгөн окуялар чынжырчасынын» пайда болуу ыктымалдыгынан сак болууга чакырды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: