Menu

Салмагың кандай, саясатчы?

Бөлүшүү:

182 – 1. Адахан МАДУМАРОВ, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери;

131 – 2. Алмазбек АТАМБАЕВ, КРнын экс-президенти, КСДП партиясынын лидери;

97 – 3. Садыр ЖАПАРОВ, экс-депутат;

41 – 4. Роза ОТУНБАЕВА, КРнын экс-президенти;

17 – 5. Дастан ЖУМАБЕКОВ, КРнын Жогорку Кеңешинин спикери;

13 – 6. Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ, КРнын премьер-министри;

0 – 7. Улукбек К0ЧКОРОВ, КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министри

Гезитибиздин өткөн жумадагы санында өлкөбүздүн жогорку кызматтагы чиновниктери менен саясатчыларынын жетөөсүнүн эл арасындагы кадыр-баркын аныктоо үчүн алардын рейтингине сурамжылоо жүргүзгөн элек. Берилген телефон номерге жазылган жооптордун көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду колдой тургандыктарын билдиришти. Ошондуктан бул жумада анын рейтинги биринчи сапка көтөрүлдү.

А. Мадумаровду колдой тургандыктарын билдирип жалпысынан 182 добуш берилди. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевге 131, Садыр Жапаровго 97 добуш беришти. Бул азбы, көппү, ачуубу, таттуубу, биздин жетекчилер жана саясатчылардын эл арасындагы аброюна берилген баа.

Ошол эле учурда шартыбызга ылайык, бул жумада өткөн жумада эң акыркы орундагы Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 4 гана добуш алып, саясый айдыңда эч кандай жигердүүлүгүн көрсөтө албагандыгы үчүн “нокаутка” кетип, анын ордун министр болуп иштегендигине бир эле жума болгон Улукбек Кочкоров ээледи. Себеби Улукбек мырза эл арасында айтылып жүргөн чыныгы элдик уул экендигин далилдеп, Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашаган эң жакыр үй-бүлөдөн кабар алып, “уялбай”, жийиркенбей үйүнө кирип, дасторконунан ооз тийгендеги сүрөтү социалдык тармактарга тарап, колдоого ээ болууда.

Урматтуу окурмандар, мындан ары ошол эле (077) 52-27-42 номерине мурдагыдай вотсапка эмес, жөн гана кайсы саясатчы үчүн добуш бере тургандыгыңызды катар номерин же фамилиясын жазып СМС аркылуу жиберсеңиздер болот. Мындай шарт бизге да, Сиздер үчүн да ыңгайлуу болот экен.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: