Menu

Ботаникалык бакта өлтүрүлгөн жаш жигит экс-спикер Медеткан Шеримкулов менен экс-премьер-министр Насирдин Исановдун небереси Алтынбек болуп чыкты

Бөлүшүү:

Бишкектеги Ботаникалык бакта асылып турган жеринен 9-ноябрдын таңында, саат 07.30.да жансыз денеси табылган 27 жаштагы жигит экс-спикер Медеткан Шеримкуловдун небереси жана экс-премьер-министр, ыраматылык Насирдин Исановдун жээн небереси Алтынбек болуп чыкты.

Алтынбек 1991-жылы туулган, былтыр, 2017-жылы үйлөнгөн, жубайы быйыл 25 жашта, Бишкекте турушат. 8-ноябрдын кечинде кайын журтуна келген, үй бүлөлүк жанжалдан кийин 9-ноябрдын таңкы саат 03.00. чамасында үйдөн чыгып кеткен, 07.30. чамасында анын асылып турган жансыз денеси табылган.

Милициянын версиясы боюнча Алтынбек асынып өлгөн – суицид. Денесинде күч колдонуунун белгилери жок. Буюмдары жанында калган.

Жакындарынын версиясы боюнча денесинде көгала тактар көп, буюмдары уурдалган.

Сөөгү кечээ, 11-ноябрда Сокулук районунун Жангарач (мурунку Жыламыш) айылында жерге берилди.

Алтынбек үй-бүлөдөгү жалгыз уул болгон. Эки карындашы бар. Ата-апасы Кыргызстанга белгилүү адамдар. Чоң атасы Медеткан Шеримкулов, таятасы ыраматылык Насирдин Исанов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: