Menu

Медет Садыркулов КТРдин гендиректору Кыяс Молдокасымовду “Өлтүрүп таштайм! Азыр көмүп таштайм!” деп коркутканбы…

Бөлүшүү:

“Бешинчи каналдын” жетекчиси Эрнис Кыязов 7-ноябрь күнү “Бешинчиде бешөө” телеберүүсүндө мурунку КТР менен “Азаттыкта” жетекчи болуп иштеп жүргөн Кыяс Молдокасымовго оңтойсуз суроону берип, кызыктуу жооп алды. Молдокасымовдун айтымында ал кездеги КР Президентинин аппаратынын жетекчиси (Медет Садыркулов – ред.КТ) сөз эркиндигине кысым жасап, тил укпай койгон Кыяс Молдокасымовду “Өлтүрүп таштайм! Азыр көмүп таштайм!” деп коркуткан. Төмөндө ошол Эрнис Кыязов менен Кыяс Молдокасымовдун суроо-жоопторунун стенограммасын жарыялайбыз:

Эрнис Кыязов: 2005-жылы революция болду деп, революциянын күүсү менен сизди “Азаттыктан” КТРге жетекчи кылып алып келишти. Кийин эркин гезиттин эркин духу менен ыраматылык Мелис Эшимканов агайыбызды да алып келип көрүштү. Бирок КТР “баягы баягынын таягы” бойдон калууда. Эмне үчүн ушундай болууда, мындай бир концептуалдуу ойлорду айтсаңар?

Кыяс Молдокасымов: Бул өтө оор маселе экен. Мага КТРКны жетектөөгө эки жолу сунуш кылынганда мен барбай койдум. Себеби “силер, азыркы бийлик КТРКны оңдоого даяр эмессиңер” дедим. Акырында болбой алып барышты. Анан алып барышканда алардын убадасын алдым “мен ошол жерде турганда, жок дегенде бир жыл кийлигишпегиле. Муну чыгарып койдуң, аны чыгарып койдуң деп жанагы депутаттардын тизмесин мага бербегиле. Ал жердин саясатын мен өзүм жүргүзүп, “Азаттыктай” кылып бер дедиңер, ошондой кылып берейин. Ал жерге баргандан кийин коррупционерлер болсо коррупцирнерлерди сындайбыз” деп ал жерге баргандан кийин ашып кетсе 5-6 ай гана убадасына тура алышат экен. Андан кийин эле башталат экен. Аны президент өзү жасабаса да анын тегерегиндегилер баштайт экен. “Мына, КТРди “Азаттыкка” айлантып койду, сизди сындап жатат. Сиздин администрациянын жетекчисин сындап атат. Муну сындап атат, тигиндей деп туруп, КТРге жетекчи болуп барган адамды бийликке жек көргөзүп коёт экен…

Кубат Чекиров: Ушул жерде мен Мелис Эшимкановдун бир сөзүн айта кетейин, КТРКны башкарып турганда мага бир каңырыгы түтөп айтты эле. “Ак үйдүн 7-кабатына ““Ала-Тоо” программасын өзүңөр эле башкарып албайсыңарбы, мен биякка киришпей эле коёоюн, себеби баары бир 7-кабаттан телефон менен башкарылат”, деп айттым деген. КТРКдагы, айрыкча “Ала-Тоо” программасындагы редакциялык саясат мурунку президенттин (Алмаз Атамбаев – ред.КТ) тушунда да ушундай эле деңгээлде болду. Эми жаңы президенттин тушунда ушул саясат өзгөрөт деп ишенгим келет…

Кыяс Молдокасымов: Кубат, мен айтып коёоюн, маселе ал жетекчи кандайча драконго айланып кетээри тууралу болуп жатат. Мен “Азаттыкта” жетекчи болуп турганда, эч сөзгө көнбөй койгонумда “муну физикалык жактан жок кылгыла!” деген жетекчи менмин, СНБдан, Ак үйдөн келип айтышкан. КТРге жетекчи болуп келгенимде да жанагылардын тилин укпай койгонумда, ал талаш-тартыштарга Эрнис өзү да катышып калган. Президенттик администрациянын башчысынан “Өлтүрүп таштайм!” Азыр көмүп таштайм!” деген сөздү уккамын. Ошого чейин жеткенбиз биз…

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: