Menu

Москвада КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Кыргызстанда мыйзамсыз иш аракеттерди жасап, эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1987-жылы туулган Ж.И  аттуу тургуну болгон.

Ал Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмчөсүндө (алдамчылык, ири көлөмдө зыянга учуратуу) кылмыштарына айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

“Аталган жаран 2014-жылдын апрель айында бир адамдан баасы 419 миң сомду түзгөн 2003-жылкы “Субару Форестер” үлгүсүндөгү унааны 2015-жылдын апрель айына чейин толук төлөп берүү жөнүдө убадасын берип ижарага алган.

Андан соң, автоунаанын ээси менен макулдашпастан башка жак менен сүйлөшүп алып, ойдон чыгарылган жеке нотариус аркылуу өзүнүн атына жасалма башкы ишеним катын жасап алган. Ал эми автоунааны үчүнчү жакка сатып, акча каражатын болсо өзү ээлеп алып, жашырынып жүргөн. Ушунун негизинде жабырлануучуну ири суммадагы зыянга учураткан.
Кармалган жаран абакка камалып, издөө салган тарап маалымдалды. Азыркы учурда 1993-жылы кабыл алынган Минск конвенциясына ылайык кармалган жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат,”- деп билдиришкен маалыматта.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: