Эл аралык соода палатасынын алдындагы арбитраж трибуналы түркиялык Magdenli Yer Hizmetleri ve Tasima Anonim Sirketi компаниясынын Казакстанга каршы жазган доо арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу Казакстан Юстиция министрлиги билдирди.
Трибуналдын чечими 8-нобярда чыккан. Арбитраждык жараян 2015-жылдын март айынан бери өтүп жаткан. Бул иш боюнча негизги угуулар Парижде 4-июнда башталган.
Министрлик маалымдагандай, түркиялык компания өз арызында Казакстанды Атырау Эл аралык аэропортун куруу аркылуу күйүүчү май жеткирүү, жүк ташуу жана тик учактарды тейлөө кызматтарын көрсөтүүдөн куру жалак калтырды деп айтыптаган. Компания мындан тышкары Казакстандан өлкөгө алып келген инвестицияны – 16 миллион долларды төлөп берүүнү талап кылган.
Арбитраж трибуналы Казакстан бийлигин күйүүчү май жеткирүү, жүк ташуу жана тик учактарды тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө менчиктеп алуу аракетин жасаган эмес жана доогердин кошумча инвестициясын кайтарып алуусуна кедерги тийгизген эмес деп тапкан.
Казакстан чет өлкөлүк инвестицияны коргоо боюнча өз милдеттемелерин аткарганы белгиленген. Трибуналдын чечимине ылайык, түрк компаниясы арбитраждык жараян жана уюштуруу иштери үчүн кеткен чыгымдарды төлөшү керек.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ