Menu

Алмазбек Атамбаев СДПКдан Адыганы Эркебаевди дагы кубалаган экен

Бөлүшүү:

СДПКнын фракция лидери Иса Өмүркуловдун СДПК партиясынан чыгарылышы коомчулукта кызуу талкууланып жаткан мезгилде белгилүү коомдук ишмер, экс-спикер Абдыганы Эркебаев Алмазбек Атамбаевдин чыныгы жүзүн ачып бериптир. Көрсө, экс-ажо жеке кызыкчылыгын аткарбаган адамдарды буга чейин эле СДПКдан кубалап чыга берген экен, ага Эркебаев өзү да кабылганын шардана кылыптыр. А.Эркебаев: «ЖКга төрага болуп шайлангандан бир канча убакыт өткөн соң Алмазбек Атамбаев «Форумга» чакырып турчу болду. Барганымда ар кимди кызматка көтөр деген сөз болду. Анын сөзүн бир уктум, эки уктум, үчүнчү жолу чакырганда: «Алмазбек Шаршенович, төрага болуп шайланып жатканымда дагы айткам. Азыр сизге дагы айтайын. Бул партиялык парламент эмес. Мен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болсом, бул жакта жүргөнүм тууралуу партиянын иши менен жүрөт деген сөз болот. Мен өз функциямды так аткарышым керек. Бул жакка келип, партиянын ишине аралашканым туура болбой калат. Туура көрсөңүз, мындан кийин жолдош болуп жүрөбуз, сый мамиледе болобуз. Сизге келип отчет берип, сиз айткан нерселерди аткара албайм» деп айттым. Апрель айында жумушту баштаган болсом, июнь айында жардамчым Өскөн Козубаев телефон чалып: «СДПКдан телефон чалышты. Сизди партиядан чыгарышыптыр» деп айтып калды. Сенин маселеңди карайбыз деп чакырбаса, өздөрүнүн иши да. Мен дагы өзүмдү урматтаган кишимин. Ага жалынып барганым жок. Алмазбек Атамбаев экөөбүздүн ортобуздагы ажырым ошондо болгон.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин экөөсүнүн ортосундагы тиреш дал ушундай кырдаалдан келип чыкты. Атамбаев өзү Жээнбековду ачык колдоду. Ошонун айынан Өмүрбек Бабанов кандай ахвалда калганын элдин баары жакшы билет. Жээнбеков президент болгондон соң, убагында мага айткандай: «Муну аткар, тигини кой» деп айласын кетирген болушу керек. Анан Жээнбеков: «Президент – бул мамлекеттик, жалпы элдик кызмат» дегенден кийин душман болуп чыга келди деп ойлойм» -деди Эркебаев.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: