Башкы прокуратура бир катар сотторду алар Бирдиктүү салык декларациясында мүлкүн көрсөтпөгөндүгү үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу сунушун Соттор кеңешине киргизди.
Башкы прокуратура соттордун бирдиктүү салык декларациясында туура эмес маалыматтарды бергендиги жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын материалын карап чыккан.
Кыймылсыз мүлккө укук катто жана кадастр Департаментинин бирдиктүү маалыматтык системасынын маалыматына караганда, бир катар соттор кыймылсыз мүлкүн декларация толтурууда жазган эмес.
Бирдиктүү салык декларациясында бардыгы болуп 14 сот кирешеси тууралуу маалыматты жашырган, алардын бешөө азыр иштебейт. Башкы прокуратура ишмердүүлүгүн токтоткон сотторду административдик жоопкерчиликке тартууну суранууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ