Microsft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс Кытайдагы жаңы технологиялардын көргөзмөсүндө канализацияга туташпастан суусуз иштеген унитаздын бет ачарын жасады. Бул жаңы технологиянын иштеп чыгуусуна Гейтстин кайрымдуулук фонду 200 миллион доллар короткон.
Унитаз катуу жана суюк таштандыларды бөлүп, атайын бөлүкчөдө сактоочу өзгөчөлүккө ээ. Суюктугун сууга, коюусун жер семирткичке айлантат. Бул санитардык жана гигиеналык жактан пайдалуу болорун айтууда. Бирок турмуштук колдонууга ылайыкталуусу үчүн дагы 200 миллион доллар короторун айтты. Фонддун маалыматында, жылына дүйнө жүзү боюнча 500 миңдей жаш бала санитардык жана гигиеналык нормалардын сакталбаганынан улам көз жумат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ