Бишкек ЖЭБине акыркы 4 ай ичинде өлкө аймагындагы ишканалар тарабынан өндүрүлгөн 280 миң тоннага жакын көмүр ташылып келинди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалым болгондой, 1-ноябрга карата ЖЭБге 15 ишкана тарабынан 276 миң 859 тонна көмүр келип түшкөн.
Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, быйылкы кышта Бишкек ЖЭБине 550 миң тонна Кара-Кеченин көмүрү жана 50 миң тонна Таш-Көмүрдүн көмүрү алынып келиши керек.
Учурда көмүр ташуу белгиленген тартипте жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ