Menu

Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Зальцбург жана Форарльберг федералдык жерлеринде иш сапары менен болду

Бөлүшүү:

8-9 ноябрда КРнын Австриядагы Элчиси Элчи Бакыт Джусупов Борбор Азия өлкөлөрүнүн Австриядагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу элчилери менен биргеликте Австриянын Зальцбург жана Форарльберг федералдык жерлеринде иш сапары менен болду.

8-ноябрь күнү делегация дүйнө жүзүндө алдыӊкылардын ичине кирген Зальцбургтагы туризм мектебине учурап, ал жердеги туризм жаатында кадрларды даярдоо жана мейманкана бизнеси боюнча австриялык тажрыйба менен таанышты. Жолугушуу учурунда австриялык тарап бул чөйрөдөгү окутуунун заманбап ыкмалары менен тааныштырып, кадрларды даярдоо жана Борбор Азиядагы тиешелүү окуу жайлары менен кызматташтыкты орнотуу тууралуу пикир алмашуулар болду.

9-ноябрь күнү делегация Австрияда өндүрүш тармагында алдыӊкылардан болгон Форарльберг федералдык жерине барып, ал жакта «Doppelmayr» (канаттык жолдор системасы), «Zumtobel» (жарык берүү системалары), «Liebherr» (курулуш жана жер казуу техникалары, крандар), «Bertsch Group» (жылуулук жана энергетика техникалары, тамак-аш өндүрүштүк техникалары) сыяктуу Австриянын таанымал ири компанияларында болду.

Ушул эле күнү Борбор Азиянын элчилери Форарльберг Экономикалык палатанын жетекчилиги менен экономикалык кызматташуунун негизги суроолору жана тармактары боюнча кенен пикир алмашышты, ошондой эле палата тарабынан жылда федералдык жерде  өткөрүлүүчү Экпорт күнүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн презентациялоо тууралуу сунуштар талкууланды.

Бул иш сапар Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилерине Австриянын федералдык жерлеринин алдыӊкы технологиялары жана мүмкүнчүлүктөрү менен түздөн-түз таанышууга, ошондой эле конкретүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тиешелүү алдыӊкы технологияларды Борбор Азия өлкөлөрүнө тартуу тууралуу пикир алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: