Menu

Айбек Мырза, жарандык активист: “Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жетишээрлик иш кыла албай жатат”

Бөлүшүү:

Менин билгенимде, Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жетишээрлик иш кыла албай жатат. Анткени коомдо профсоюздун оорду, максаты, жоопкерчилиги жөнүндө, кыла турган иштери боюнча элде маалымат аз. Тилекке каршы профсоюз жабык уюм болуп калды, ал эмне иш кылып жатканы белгисиз, деги эле билинбейт. Мисалы ал Евпропадагыдай ачык, эл менен иштеген, элдин укугун коргон уюм болуш керек эле, бирок элге маалыматты туура жетпей жатат.

Менимче бул тармак чоң реформаларды муктаж. Башка өлкөлөрдүн иш тажрыйбасын карап, алардын ийгиликтүү ыкмаларын бизде колдонуш керек. Профсоюздардын мүчөлөрүн көбөйтүш керек, мисалы ошол эле банктарда профсоюздук комитеттер аз, жок эссе деп деле айтса болот, кокус кандайдыр бир себептер менен банк кызматкери жумушунан бошотулган болсо ал тилекке каршы коргоосуз калат, анткени ал жакта профсоюздар жок. Мына ошол жактан да профсоюздар аксап жатат, ал эми банктардагы профсоюздарды түптөө, алардын мүчөлөрүн көбөйтүү бул түздөн-түз Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын иши, ал эми ал тармак боюнча иш жүргүзүлгөн жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: