Menu

Жолдошум үйгө шашсын десеңиз…

Бөлүшүү:

Эркекти үйгө ашыктыра турган албетте, үй-бүлөнүн жылуулугу, сүйгөн жарынын ачык кабагы. Үйдөн чыгаарда аманчылык тилеп, жубайынын узата тиктеп турган жагымдуу көздөрү. Бул жолдошуңуз үчүн өтө жагымдуу нерсе. Келиниздер анда эркектерди үйгө ашыктыра турган б амал менен тааныштырып өтөлү.

1. Жолдошуңуз келгенче үйдүн ичин тазалап, буюмдарды ирээтке келтирип өз ордуларына коюп, тыкан жайгаштырыңыз. Бул үйдүн ичине кирген адамдын көзүнө чалдыгуучу эң башкы нерсе болуп саналат. Жана да үйүңүздүн ичи жагымдуу жыттанып турсун.

2. Босогодон аттаганда эле күйөөңүздүн кабак- кашын карап коюңуз. Жылмайып карап, алгач учурашыңыз. Отурган кезде андан биринчи сөз баштап, ар нерсени сүйлөй бербеңиз. Сиздин кантип күндү өткөргөнүңүздү угуу дайыма эле маанайга туура келе бербейт.

3. Үйдү отурган аял болсоңуз келбетиңизге сөзсүз көңүл буруп коюңуз. Жалкоолукка моюн сунуп, убакыт жок дебеңиз. Баардыгына жетишсеңиз болот. Анткени сиз аялсыз! Сулуулугуңуз өз колуңузда! Жагымдуу болуп турсаңыз жолдошуңуздун чарчап турган абалын да басып, маанайын көтөргөн болосуз.

4. Курсагы ток, көнүлү жай адам өз үйүнөн безе качпаарын эстен чыгарбаңыз. Таттууларды, шербетти даамын чыгара даярдап, тамакты түрлөп жасаңыз. Билбейм деп айтпаңыз, ар кайсы гезит-журналды карап, интернетти чукулай койсоңуз эле тамактын жеңилин да, татаалын да үйрөнүп алсаңыз болот.

5. Албетте, ар бир эркек тынчтыкты сүйөт. Жумуштан чарчаган ар бир эркек, эртерээк үйгө барып, жубайымдын даамдуу тамагын жеп алып, сыналгынын алдында эс алып отурсам деп шашат. Андыктан балдарга эртерээк тамагын берип коюңуз.

6. Жумуштан ачууланып келген адам алдынан чыккан адамдан ачуусун чыгарып алышы мүмкүн. Эркек эле эмес, баарыбызда эле бул жагдай кезигет эмеспи. Мындай учурда, аял ачууланып эмес, эркелеп жеңет деген сөздү эстеп коюңуз.

Сайкал Илиасова

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: