Menu

Казакстанда чек арачыга кол салган адам кармалды

Бөлүшүү:

Казакстандын Атырау облусунда чек арачыга кол салган адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 10-ноябрда казак-орус чек арасындагы «Сазды» тосотуна мамлекеттик чек арага жакын жерде шектүү адам жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

«Текшерүүгө барган чек ара күзөтүнүн кызматкери шектүү адамдан рюкзагын көрсөтүүнү талап кылган. Бирок ал бычак менен чек арачыга кол салып, жарадар кылган. Өзүн коргоо максатында офицер табелдик куралдан ок аткан», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Азырынча кармалган адамдын аты-жөнү жана жарандыгы айтылган жок. Учурда жарадар болгон шектүү менен чек арачы оорукада. Хирургия бөлүмүндө жаткан офицердин абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: