Menu

БУУ Тажикстанды “кыздык белгини” текшерүүгө тыюу салууга чакырды

Бөлүшүү:

БУУнун Аялдарды дискриминациялоого каршы комитети Тажикстанды нике алдында “кыздык белги” боюнча тест тапшырууга тыюу салууга чакырды. БУУ мындай кемсинтүүчү тажырыйбага медициналык муктаждык жок деп эсептейт.

БУУнун Аялдарды дискриминациялоого каршы комитети “Тажикстан Үй-бүлө кодексинин нике алдында милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүү боюнча өзгөртүүлөрү” көбүнчө “кыздык белгинин” бар-жогун текшерүү үчүн колдонуларын жана бул айрым учурда өзүн өзү өлтүрүүгө алып келип жатканын белгилейт.

2016-жылы кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, нике алдында түгөйлөр милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүп, кан тапшыруусу керек. ЗАГС органдары мындай медициналык маалымкат болбосо, никени каттабайт.

БУУнун укук коргоочулары жана эксперттери “кыздык белгини” текшерүүнү зыяндуу салт деп атап, 21-кылымда “аруулук” адамдын адеп-ахлактуулугун аныктаган индикатор болбошу керек деп эсептешет.

Тажикстанда “кыздык белгини” текшерүү расмий түрдө жүргүзүлбөйт, бирок көптөгөн үй-бүлөлөр үйлөнүү үлпөт алдында бул тажрыйбаны колдонушат. Жыл сайын жүздөгөн кыздар өзүн жана үй-бүлөсүн уятка калтырбоо үчүн алдын ала “аруулугун” текшерүүдөн өтүшөт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: