Menu

АКШ эксперттери Пхеньян 20 ракеталык базаны жашырып койгонун билдиришти

Бөлүшүү:

Америкалык эксперттер Пхеньян 20га жакын ракеталык базаны жашырганын, алардын 13үнүн жайгашкан жери аныкталганын билдиришти. Бул тууралуу Reuters агенттиги Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунун маалыматына шилтеме кылып жазды.

Адистер Пхеньян бул объектилерди Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарын жок кылуусун көзөмөлдөй турган эл аралык байкоочулардан жашырып коюуга ниеттенген деп эсептешүүдө.

Эксперттердин пикиринде, бул базалар чукул учурларда ракета учуруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Алар көрсөтүлгөн ракеталардын «өзөктүк эмес» версиялары да кыйла чоң зыян келтирүүгө кудуреттүү болушу ыктымал деп эсептешүүдө.

Эксперт Жозеф Бермудестин пикиринде, буга чейин «Сохэ» ракеталык полигонунун бузулушу башка объектилерден келген аскердик коркунучтарды жабуу үчүн жасалган.

Түндүк Корея быйыл майда “Сохэден” тышкары “Пунгери” өзөктүк полигонун кичирейтип, ал иш-чарага чет элдик эксперттер катышкан. Мурдараак АКШ чалгыны эки өлкө башчыларынын макулдашуусуна карабастан, Пхеньян денуклеаризация боюнча реалдуу кадамдарды жасабай жатканын билдирген. Өз кезегинде Түндүк Кореянын басылмалары АКШ менен Түштүк Кореяны аймактагы чыңалууну азайтууга багытталган макулдашууну бузууга айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: