Menu

ЖЭБдеги кырсыктан мамлекет 89 миллион 699 миң 230 сом зыянга учураган

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетинен мамлекетке 89 миллион 699 миң 230 сом зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөө ноябрь айынын этегинде соңуна чыгат.

«ЖЭБдеги кырсык мамлекетке 89 миллион 699 миң 230 сом чыгаша алып келди. Анын 12 миллиону кырсыкты жоюуга кетти. Учурда эксперттер реконструкциялоого чындыгында канча акча коротулушу керектигин аныктап жатышат. ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө экспертиза жүргүзүлүп жаткандыктан созулуп жатат», -деди Сагынбек Самидин уулу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: