Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча тергөө аяктап, иштин материалдары Ысык-Көл облусунун прокуратурасына сотко өткөрүү үчүн тапшырылды. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы ырастаган.
Маалыматка караганда, “Акун” пансионатынын эки кызматкерине КР кылмыш-жаза кодексинин “Коопсуздук талабына жооп бербеген товарларды сатуу, кызмат же тейлөө көрсөтүү” беренеси боюнча айып тагылган. Айыпталуучулардын ысымдары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жарыяланбайт.
Тергөө убагында журналист зордук зомбулуктун кесепетинен каза болбогондугу аныкталган, мындан улам коопсуздук техникасына жооп бербегендиги үчүн кылмыш иши пансионатка карата козголгон.
Белгилей кетсек, окуядан 10 күн мурун пансионатка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен текшерүү келип, кемчиликтерди жоюу тууралуу отүнүшкөн, бирок “Акундун” кызматкерлери буга кулак салган эмес.
Улан Эгизбаев Кара-Ой айылынын “Акун” пансионатында эс алууда болчу. Кырсыктын айынан ал 22-июлда сууга чөгүп каза болгон.
Көптөгөн жарандык активисттер ал өз өлүмүнөн көз жумганынан шек санап, ИИМди дыкаат текшерүү жүргүзүүнү суранган. Кийин экспертиза журналист сууга чөгүп каза болгонун аныктаган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ