Жети-Огуз районунун борбору Кызыл-Суу айылында бүгүн 25-жаштагы Рыспек уулу Ынтымактын жерге берүү зыйнаты өттү. Жарандын өлүмүнө туугандары милиция кызматкерлерин күнөөлөшүүдө.
Алардын айтымында, 7-ноябрда Ынтымак менен анын күйөө баласы Даниярды милиция кызматкерлери ур-токмокко алышкан, натыйжасында экөө оор абалда ооруканага түшкөн, бирок 11-ноябрда Ынтымак каза болуп калган. Анын 5 айлык кызы жана жубайы калган.
Бул тууралуу маалыматты облустун ИИМнинде четке кагышты.
Алардын маалыматына караганда, 8-ноябрда Кызыл-Суунун РИИбнин Эржан жана Убактылуу кармоочу жайынын кызматкери Алибек көчөдөн мушташып жаткан балдарды көрүшкөн. Алар балдарды ажыратууга барганда бири жерге кулап түшкөн. Балдардын бири, милиция кызматкеринин таанышы кулап калган баланы таанырын айтып, үйүнө жеткирерин билдирген. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден кетип калышкан.
Ынтымакты кулаткан соккуну Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Гүлчөрө Абыкеев жөнөткөн. Ал эми милиция кызматкерлери адамдын өлүмүнө тиешеси жок.
“Аталган факты Жети-Өгүз РИИБне катталып, прокуратурага жөнөтүлгөн. Азырынча кылмыш иши козголо элек, ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерүү жүргузүүдө. Эгерде милиция кызматкерлери кандайдыр бир мыйзам бузуу кылса, а алар сабалган Ынтымакты калтырбоосу керек болчу, анда алар жазага тартылат” – деп билдиришкен мекемеде.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ