Menu

Кыргызстанда дары-дармектер өз баасынан 2 эсе кымбат сатылат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын фармацевтикалык компаниялары көпчүлүк калкка маанилүү дары-дармектерди өз баасынан 1,2-2,3 эсе кымбат сатышат. Бул тууралуу кэчее, 12-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча кеңешчиси Жылдыз Жумагулова билдирген.

Анын айтымында, өлкө бийлиги бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн дары-дармектерди түз эле өндүрүүчүлөрдөн алуу маселесин карашы керек. Мындай мыйзам долбоорду депутат Дастан Бекешев иштеп чыккан.

Ушундай эле көз карашты “Партнерская сеть” ассосацияциясынын аткаруучу жетекчиси Айбар Султангазиев билдирип, 2020-2021-жылдары туберкулез жана ВИЧ илдеттерине чалдыккан жарандар үчүн дары-дармектерди мамлекет өзү камсыз кылаарын эске салган.

“Эл аралык агенттиктер аркылуу сатылып алынган дары-дармектер эч качан дарыканаларга келип түшпөйт, бирок ал каражаттар дарыканалар тармактарына жашыруун жол менен түшүүсү мүмкүн. Эл аралык агенттиктер аркылуу алынган дары-дармектер негизинен түз эле бейтаптар арасында таратылууга багытталган. Эгерде мамлекеттик сатып алуулар арзандаса, дарыканалар тармактары дагы арзандайт”, – деп жыйынтыктаган ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык фармокологдор өлкөгө кымбат баалуу дары-дармектерди алып киргенди жактырышат, анткени аталган дарылардын арзан аналогдорун саткан көп киреше алып келбейт.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу кызматы фармокологдор менен дарыгерлер ортосундагы көптөгөн жашыруун келишимдерди ачыктаган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: