Menu

Дүйнөлүк банк “Digital CASA” долбооруна 50 миллион доллар бөлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» – Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Андан тышкары, «Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштай турганы, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алына турганы белгилүү болду. Келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш. Санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Бул долбоор Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу, киреше да алып келет. Анткени, келишимдин талаптарына ылайык, иш жеке менчик компания тарабынан аткарылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: