Чүй облусунда жол кырсыгына кабылган эл өкүлү Нодирбек Каримов мас абалында болгон эмес. Бул тууралуу облусттун ИИБнен билдиришкен.
Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Алдына ала маалыматтарга караганда, “Тойота Ленд Крузер” унаасын башкарып бараткан депутат соо болгон. Ал рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Нодирбек Каримов, анын жубайы, ата-энеси, 2002-жана 1998-жылы туулган балдары ооруканага жеткирилген.
Окуянын кесепетинен депутаттын апасы каза болгон. Азыр дарыгерлер эл өкүлүнүн абалын канааттандырарлык деп баалашууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ