Menu

Башы көл, аягы чөл болбосо экен?

Бөлүшүү:

Жакында эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган Улукбек Кочкоров ишин Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда жашаган өтө жакыр үй-бүлөлөрдү кыдыруу менен баштады. Сыягы, бул мекеменин мурдагы министри баш болуп, эки орун басары тең мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөрдү саякатчы бакадай эле кыдырып, ал жакта да жөн жүрбөй, карвалол ичип, самолётто мас болуп алып чуу чыгарып “атак-даңкка” ээ болгондуктанбы, көпчүлүк жаңы министрдин бул кадамын колдошууда. Анын топурактан салынган саман үйдө жашагандар менен дасторкондо отуруп, жупуну кийинип, үйдөн чыгып бара жаткан сүрөтү өткөн жумада социалдык тармактардын башкы темасына айланып кетти. Соцтармак колдонуучуларынын бири өз постуна: “Министр сайраңдап чет өлкөгө эмес, каякка барыш керек экенин көрсөтүптүр. Жанагы жумуштан кеткен үч “периште” бир жолу бут басып барышты бекен ушул тараптарга?”,-деп жазды. Ошол эле учурда Улукбек мырзанын мындай кадамын сынга алып, “Башы көл, аягы чөл болбосун”,-деген да пикирлер айтылды. Ооба, экс-министр Т.Исакунова жана анын эки орун басарларынын жакырлар менен майыптарга бөлүнгөн акчанын эсебинен ары жагы Австралияга чейин үй-бүлөсү менен саякаттап жүрүшү коомчулуктун нааразычылыгынан улам парламентте, андан соң өкмөттө талкууланган соң бийлик бири сулуу, биринин таянган тоосу Ак үй “периштелерди” кызматтан кетирүүгө мажбур болгон. Анткен менен элдин бийликке болгон нааразычылыгы басаңдабай, кайра күч алган. Бул жагынан жаңы министр жаңы конуштардагы жакыр үй-бүлөлөрдү кыдыруу менен жогор жактагылардын да аштай төгүлгөн абийирин кайтарууга аракет жасады окшойт. Бирок, мунун баары азырынча жеңил пиардай эле кабыл алынууда…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: