“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатына козголгон кылмыш ишинин алкагында эки кишиге айьга коюлуп жатканын ИИМ маалымдады. Кылмыш ишин тергөө мөөнөтү 17-ноябрга чейин узартылган. Иштин алкагында айып коюлуп жаткан эки кишинин бирөөнө Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин негизинде айыбы угузулган. Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатында эс алып жүрүп, мезгилсиз каза болгон. Аз күн мурун маркум Уландын “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен китеби жарык көрдү. Бул китебине анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү камтылды. Мындан сырткары ал жөнүндө дилбаяндар, эскерүүлөр, сүрөттөрү да кирген.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ