Россияда Кыргызстандык бир катар мигранттардын комдук уюмдары, жарандык акивисттер жана катардагы жарандар арасында Россиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаевдин ишмердүүлүгү жөнүндө сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоодо Москва шаары, Москва областы, Санкт-Петербург жана башка бир катар аймактардын тургундары катышкан. Бул тууралуу Kginfo.ru басылмасы билдирген.
Маалыматка караганда, “Россиядагы Кыргызстандын элчисинин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз, жана ал өзүнүн милдеттерин канчалык деңгээлде аткарып жатат?” – деген суроого бир дагы оң жооп болгон эмес.
“Респонденттердин ою боюнча Болот Отунбаев Кыргызстандын жарандарын жетиштүү деңгээлде коргобойт, алар диаспоралар менен системдүү иштешүүнү көрө алышкан эмес”, – деп белгилешкен басылмада.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ