Menu

Алиясбектин өзүнө айкел тургузуп алганы акылга сыйбай калды

Бөлүшүү:

Өткөн жумада кыргыздын салтында жок дагы бир жаман жорук иш болуптур. Атап айтканда Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге айкел тургузулуп, анын ачылыш аземи болгону маалым болду. Алардын арасында социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген ишмер, генерал Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар. Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, айкелдердин ачылышына жалпысынан 3 млн сомго жакын каражат кетиптир. Акчаны айкели жасалган адамдар, алардын жакындары жана демөөрчүлөр бергендиги маалым болду. Корчубек аксакал 96 жашка чыкты. Аксакалга эч нерсе айта албайбыз.

Ал эми Алиясбек мырза 37 жашта. Белгилүү болгондой бул инсан 2010-жылы 7-апрелде эки ок жеп, бирок бактыга жараша аман калган. Ошол кездеги Убактылуу Өкмөт 7-апрель революциясынын баркын көтөрүш үчүң жалгыз эле Алымкулов ок жегенсип, ага КРнын баатыры наамын ыйгарган. 7-апрель окуясынын кесепетинен жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 130дай адам каза тапты, алардын бирине да “Баатыр” же андан төмөнкү сыйлыктар берилген жок. Алар эч нерсеге, эч кимге колко кылбай мекенге өмүрлөрүн арнап, кете беришти. Ал эми Алиясбек мырзанын революцияны жалгыз жасап койгонсуп, эч уялбай эле, эч баш тартпай эле “баатырдыкты” басып жыгылганы көпчүлүккө жакпай калган. Алымкуловго бийик наамды берүү ошол кездеги бийликтин тайыз саясаттарынын бири болуп калган. Эмнеге дегенде, ал кандуу окуяда Алымкуловдон да ашып түшүп эрдик көрсөткөндөр болгон…

2011-2014-жылдары министр болду. Бирок министр катары өзүн көрсөтө алган жок. Болгону ондогон жаштарды үйлөнтүп, аларга өкүл ата болуп, дуулдап жүрдү. Көп учурда кыргыздын салтын баса белгилеп, чеченсип сүйлөгөнү менен эле эсте калбаса, башка чоң иштерди жасай албады. Акыркы бир-эки жылдан бери Алматыда Кыргызстандын консулу болуп жүрөт. Жүргөнү менен эмне иш кылып жатканы белгисиз. Көрсө, ошол жакта иштемиш этип, өзүнө айкел тургузууга каражат топтоп жүргөн турбайбы.

Анысы го ал. Бирок бул адамдын тирүү туруп, батыштагыларды туурап, өз каражатына минтип өзүнө эстелик тургузуп алганына жол болсун. Ушундай да болобу? Качан эле кыргыз тирүү туруп, өзүнө эстелик тургузчу эле. “Тирүү кезимде айкелимди көрүп калайын” деген ой-тилек кантип жакшы болсун. Мусулманчылыкта тирүү адамга эмес, өлгөн адамга да мындай айкелдерди тургузууга тыюу салынып келет. Мейли эми, өлгөндүн иши өлгөн дейли. Элге эмгеги сиңгендерди эстеп жүрүүгө чакан айкел тургузуп койсок болот. Алиясбек мырза, тирүү  туруп, каражат коротуп, айкел тургузуп, жок жорукту баштап жатканы Кудайга да, элге да жакпас. Ошол өз айкелиңе кеткен акчага 7-апрелде каза тапкан чыныгы баатырларга эстелик тургузсаң, алда канча жарашып, эл сени кубаттабайт беле. Же багар-көрөрү жокторго ошол акчаны берсең, кыйла соопчулук иш кылат элең го. Брежнев мамлекеттик сыйлыктар (медаль, ордендер) менен “ооруп” өткөндөй, сен жаш туруп, өз айкелиң менен “ооруп”, кыргызда жаман өнөкөт баштап турасың. Кыргыздын салтын сайраганың менен, батыштын акылга сыйбас иштерин жасаган, деңгээли пас адам экениңди далилдеп койдуң.

Белгилүү болгондой буга чейин Кыргызстанда эч ким тирүү кезинде өзүнө айкел тургузган эмес. Керек болсо, дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматов деле тирүү чагында өзүнө айкел тургузган эместир. Эми ал киши тургузам десе деле жарашмактыр. Баса, Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Орозкул өзүнө эстелик тургузгандай, бул «баатыр» инсан дал ошону туурап жаткандагысыбы? Орозкул деген Орозкул…

Кудай буйруган жашты жашаган соң деле, эмгегиң элге сиңсе эл сага айкел тургузмак. Эмнеси болсо да, Алиясбек мырзанын бул кадамы алгылыктуу эмес, жаман жосундуу иштердин бири болуп калды. Жаман жосун иштерди жасагандардын мындай “илдети” өз башы менен кетсин дейли…

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: