Menu

Сергей Слесарев, адвокат:”Икрамжан Илмияновго карата эч кандай тергөө иштери жүрбөй турат”

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун коргоочусу Сергей Слесарев анын кардары бир да жолу суракка алынбаганын билдирген.

Анын айтымында, Икрамжан Илмияновдун кылмыш ишине карата эч кандай тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес. “Экспертиза, же башка иштер жүргүзүлгөн жери жок. Андыктан ал тергөө менен кызматташууда деп айтууга себеп жок. Эмнегедир тергөө жүрбөй жатат”, -деп  билдирген адвокат.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго 150 миң доллар пара алгандыгы үчүн айып тагылган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Сергей Слесарев УКМК экс-мэр Кубанычбек Кулматов көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө тараткан маалыматын четке каккан. “Ал иште күбө катары өтүп жатканда бардыгын айтып берген, ага карата Икрамжан Илмияновдой эле  эч кандай тергөө иштери жүрбөй эле турат,” – деп билдирди.

Кубанычбек Кулматов коорупция беренеси боюнча айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы ал мэр болуп турган кезде эки мектептин курулушуна бөлүнгөн 2 миллион доллар өлчөмүндөгү гранттык каражатты туура эмес колдонгон.

Андан сырткары, аны мыйзамсыз паспорт алууга айыпташууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, жаш кезинен Москвада чоңойгон Кулматов мыйзамсыз жол менен Кыргызстандын жарандыгын алган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: