Menu

Ар бир бала бакчага барышы үчүн өлкөдө 1 миң 600 жаңы имарат курулушу керек

Бөлүшүү:

Өлкө боюнча бардык балдар бала бакчаларга барышы үчүн 250 орундуу 1,6 миң жаңы имарат курулушу керек. Буга 80 миллиард сом сарпталат. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 3 жаштан 6 жашка чейинки 400 миң бала бала бакчага барбайт. Жалпы республика боюнча бул жаш курактагы 680 миң бала бар.

“Көп баланы бала бакчалар менен камсыздоо үчүн ар биринде 250 орун бар 1,6 миң жаңы бала бакча курулушу керек. Балдарды мектепке чейинки билим менен камсыздоо максатында китепканалардын аянтчаларында билим берүү ийримдери уюштурулган. Өлкө боюнча бизде 1 миң 50 китепкна бар.  Азыркы учурда аталган ийримдер 9 китепканада иш алып барат. 2019-жылы биз алардын санын 40ка жеткирүүнү пландап жатабыз,” – деп билдирген Алтынай Өмүрбекова.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: