Menu

Өзбекстан украин дары-дармектерин киргизүүгө тыюу салды

Бөлүшүү:

Өзбекстан украин медициналык препараттарын алып кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу «Новороссия» порталы Украинанын Медициналык жана микробиологиялык кызматкерлеринин биргелешкен уюмуна шилтеме жасап билдирүүдө.

Акыркы бир нече жумадан бери фармацевтикалык өнүмдөр бажы бекетинде кармалып турат, бирок Өзбекстан бажы кызматы аларды каттоодон өткөрө элек. Украинанын дары-дармек өндүрүүчүлөрү бул жагдайды чечмелөөнү жана маселеден чыгуу жолдорун иштеп чыгууну суроодо.

Буга чейин өзбек ММКлары Өзбекстан Украина менен бирге өлкө аймагына ири фармацевтикалык ишкана курууну пландап жатканы кабарланган.

Украин басылмасы Украинада Өзбекстан жеңил автоунааларынын импортуна карата иликтөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Ташкент дары-дармектерди бажыдан өтөрбөй жатышы ыктымал деп божомолдоодо.

Мурдараак Украина өзбек жеңил автоунааларына киргизилген пошлинанын алып салган жана алардын өтүмдүүлүгү арткан.

«Укравтопром» автомобиль өндүрүү ассоциациясы Өзбекстандан жеңил шартта жана ири көлөмдө импорттолуп жаткан автоунаалар украин ишкерлерине зыян алып келип жатканын билдирген. Буга байланыштуу териштирүү башталган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: