“Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү бекетинен эгизинин паспорту менен Казакстанга өтүп бара жаткан кыргыз жараны кармалды.
Чек арадан өтүп бара жаткан жаран 1996-жылы төрөлгөн З. Р. кызынын атындагы паспортту көрсөткөн. Бирок ал чек арачылар тарабынан берилген кээ бир суроолорго жооп бере алган эмес.
Тергөөнүн натыйжасында 1996-жылы төрөлгөн Ф.Р. кызы эжесинин паспорту менен өтүп бара жатканын моюнуна алган. Ошондой эле ал ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын кошумчалаган.
Учурда тиешелүү документтер КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ