Тажикстандын чыгышындагы Лахш районунун (мурдагы Жергетал) бир катар айылдары армияга чакыруу планын толтурбаганы үчүн электрсиз калды.
Кушгаба айлынын тургуну билдиргендей, он күн электр кубаты берилген эмес.
– Райондук администрациядан “бир кишини армияга жөнөтмөйүн, жарык болбойт” деп ачык эле айтышты,– деди ал.
Ушундай эле жагдайга Майдонтерак жана Оксой айыларды да кабылды, ал жерлерде да аскер курагындагы уландар жок.
Райондук электр түйүнү Лахш администарция башчысынын жеке тапшырмасы менен Кушгаба айлында электр жарыгы өчүрүлгөнүн тастыктады. “Бул кыштактын тургундары мурда да армияга балдарын жиберүүдөн баш тартышкан. Мындай мамилеге район башчысынын жини келди. Бир жагынан алганда райадминистрация жетекчиси президенттин өкүлү болуп эсептелет, биз анын буйруктарына баш ийишибиз керек”, – деди райондук электр түйүнүнүн кызматкери.
Анын айтымында, учурда электр кубаты калыбына келтирилди, ага карабай айыл тургундары балдарын армияга жөнөткөн жок.
Айыл жашоочулары армия курагындагы уландар жок экенин, алар жогорку окуу жайларда окуп жүрүшкөнүн же Орусияга иштөө үчүн кетишкенин билдиришүүдө. План боюнча Кушагба айылы армияга бир киши жөнөтүшү керек. Кыштакта жүздөй үй-бүлө жашайт.
Тажикстанда 18ден 27 жашка чейинки эркектер армияга чакырылат. Бул жолу армияга чакыруу өнөктүгү 1-октябрда башталды жана ноябрдын аягына чейин уланат.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ