Menu

Казакстанда латын арибинде «жалпы улуттук» жат жазуу жазылды

Бөлүшүү:

Бүгүн Казакстандын бир катар жогорку окуу жайларында латын арибинде жат жазуу жазылды. «Жалпы улуттук жат жазуу» аттуу 30 мүнөткө созулган акция ЖОЖдордун атайын бөлүнгөн дарсканаларында өттү.

Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинен билдиришкендей, жат жазууну ошондой эле Казак жана Shalqar радиолорунун түз эфиринен угуп дагы жазууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Уюштуруучулардын айтымдарында, акция латын арибиндеги казак тилинин жаңы алфавитин жайылтууга багытталган.

Алматыда бул акция Казак-британ техникалык университетинин имаратында өтүп, ага жүздөгөн адам катышты. Алардын басымдуу бөлүгүн жергиликтүү окуу жайлардын студенттери, шаардык жана райондук акимчиликтин кызматкерлери түздү.

Уюштуруучулар аягында текстин түп нускасы берилип, ар бир катышуучу каталарын текшере ала тургандыгын белгилешти.

Былтыр апрелде өлкө президенти Нурсултан Назарбаев жыл соңуна чейин латын графикасынын негизинде казак алфавитин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, 2025-жылга чейин латын арибине өтүү планын даярдоо тапшырмасын берген. Алфавиттин парламентте тааныштырылып, президент тарабынан жактырылган варианты көп өтпөй кайрадан өзгөртүлгөн.

Экинчи вариантында айрым спецификалык тыбыштарды белгилөө үчүн тамгалардын үстүнө апострофтор кошулган. Бирок коомчулук бул компьютер менен уюлдук телефондордо жазууда ыңгайсыз экенин айтып, аны сынга алышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: