Menu

Самат Алиев, коомдук ишмер: Кыргызстан профсоюздар Федерациясына өзүнө милдеттүү миссиясын аткарбаганы аз келгенсип, профсоюз кыймылына шек келтирип жатышат

Бөлүшүү:

Кыргызстан профсоюздар федерациясы тилекке каршы, бүгүнкү күнү жумушчулардын укугун коргоодо эң пассивдүү коомдук бирикме десем жаңылбаймын. Эгемендүүлүк күнүнөн баштап кандайдыр олуттуу маселелерди көтөргөнүн уга элекпиз. Ал эми мыйзам  долбоорлорун көтөрүп чыгуу, бул фантастика менен тете болот го.   Азыркы убакта, дүйнөлүк профсоюздук кыймыл жаңы стандарттарга өтүп, керек болсо саясий чөйрөнү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алган. Партиялар жана уюмдар алдыңкы профсоюздук уюмдар менен пикирлеш болгону аракет кылат. Мындай көрүнүштөр алдыңкы батыш мамлекеттеринде гана эмес, Бразилия, Аргентина, Туркия, Индия жана башка өлкөлөрдө орун алган. Көптөгөн көз карандысыз профсоюздук кыймылдар керектиги учурдун талабы.  Кыргызстан профсоюздар Федерациясына 5 баалык ченемдин негизинде, эки деген баа берем. Өзүнө милдеттүү миссиясын аткарбаганы аз келгенсип, профсоюз кыймылына шек келтирип жатышат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: