Menu

Күнболот Момоконов, “Айкын саясат” гезитин башкы редактору: Профсоюз жаатта да коррупция бар экени белгилүү”

Бөлүшүү:

Биздин өлкөдө мамлекет катары, мыйзамдардын, нормалардын негизинде түзүлгөн түзүлүштөрдүн баардыгынын оз орду бар. Кеп аны ишке ашырууда, ишке салууда болуп жатат да. Кыргызстан профсоюз уюму деле ошол сыяктуу бар экени билинбеген, керек учурда кайрылган айрым адамдардын маселесин чечпесе дегеле бар экенин жана алардын милдети, миссиясы эмне экенин билбегендер толтура. Кыргызстанда туура иш алып барса профсоюздун орду абдан маанилүү болмок. Бизде жалданма жумушчулук көп. Андай учурда алардын укугун коргоо, таламын талашуу же, иш берүүдө, же иштеп берүүдөгү эмгек келишимдери деген нерселерди туура жолго койсо, бизде абдан жакшы болмок. Кылмыштар, укук бузуулар коп. Эмгек кодекси деген дегеле бизде түшүнүк  элде аз.

Демек, профсоюз дегендин иши начар, жок десе болот. Ал өзүнчө кимдир бирөөлөрдүн оозун басып олтура туруучу кызмат болуп калды. Албетте, мыйзамды, кодексти сыйлаган жогорку компаниялар, мамлекеттик мекемелер учун иш жүргүзүп жатышы мүмкүн Алардын иши жөнөкөй катмарга да жетиши керек. Алардын колунда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Маселен, алар жумушчулардын эмгек акысындагы маселеде эле эмес, эмгек өргөөсү, эс алуусу, саламаттыгы учун да жооп бере турган тармак. Тийиштүү, пансионат, санаторийлери бар. Бирок, аларга көп учурда тааныш билиш менен барып, такыр эле тиешеси жок адамдардын барып дарыланып, эс алып келген окуялар көп. Демек, бул жаатта да коррупция бар экени белгилүү эле да. Анын үстүнө, азыр ар бир мекемеде контролдоочу кошумча бийликти киргизип алышты. Маселен, байкоочу кенеш. Системада ырааттуулук жок. Бизде бир эле коррупция ооруу болуп аткансып, ошонун этегинен эле түшүп, майда профсоюздай уюмдардын орду, баркы билинбей жатат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: