Өлкө аймагында 10 ай ичинде балдардын катышуусунда 1 миң 130 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу брифингде «Жол коопсуздугу» долбоорунун директору Чынара Касмамбетова билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен 1 миң 307 бала жаракат алса, 66 бала каза болгон.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны азаюуда.
Алсак, жыл башынан бери республикада 4 миң 871 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга аз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ