Menu

Алмаз Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Бишкектин мэри Азиз Суракматовду сындады

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмаз Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Бишкектин мэри Азиз Суракматовдон эмне себептен суук түшүп, кар жаагандан кийин шаардын көчөлөрү жүрүүгө мүмкүн болбой калганын сураган.

Мурунку өлкө башчынын күйөө баласы Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында нааразычылыгын билдирип, мэр анын унаасынын жүрүүчү бөлүгүн оңдоп-түзөп жана жаңы бампер орнотуп берүүгө милдеттүү экенин билдирген.

Белгилей кетсек, жазган сегиз сап катында ал 8 ката кетирген. Бул тууралу 24.kg сайты жазып чыкты.

Эске салсак, 12-ноябрда аба ырайы кескин начарлап, Бишкекке кар жаап, суук түшкөн. Шаардын бийлиги жолдорду күнү-түнү тазалаганы жөнүндө рапорт беришкен.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, 573 тонна кум жана 49 тонна туз жодорго себилген. Кар менен күрөшүүгө 43 техника бирдиги, жол-эксплуатациялык бөлүмүнүн 20 кызматкери, “Тазалыктын” жана шаардын жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын 740 кызматкери тартылган.

Ага карабастан шаар тургундары жолдор муз жана тайгак болгонуна нааразычылыгын билдирип, шаардын бийликтин кызматкерлери магистралдык жолдорду али тазалай элегин айтышкан.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: