Menu

Мирлан Дүйшөнбаев, КСДП фракциясынын катчылыгынын эксперти: Өкмөт батирлерди курганда күч органдарын эле ойлой бербестен, журналисттерди да эске алса жакшы болмок

Бөлүшүү:

Өткөн жумада, тагыраагы, 7-ноябрда Басма сөз күнү белгиленди. Анын жүрүшүндө далай мактоолорду укканыбыз менен, маалымат айдыңындагы көйгөйлөр муну менен чечилип калган жок. Өлкөдөгү сөз эркиндиги, басылмалардын абалы, бийлик менен журналистиканын мамилеси кандай? Дал ушул маселелердин тегерегинде кесиптешибиз, таланттуу журналист, ар дайым чындыкты чагылдырып келген, учурда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын катчылыгында эксперт болуп иштеп келаткан Мирлан Дуйшөнбаевди кепке тарттык….

– Мирлан, журналисттердин кесиптик майрамы да өтту. Сен да көп жыл жалпыга маалымдоо каражаттарында иштегенсиң. Азыркы кыргыз журналистикасынын абалы, көйгөйлөрү жөнүндө эмнелерди айта аласың?

– Мен алгач кесиптештеримди майрамыбыз менен куттуктаймын. Улуттук журналистикабыз өнүгүүдө, өзгөчө электрондук маалымдоо каражаттары көбөйүүдө, бирок тилекке каршы, гезиттик басылмалардын базардык атаандашууларга туруштук бере албай, каржылык көйгөйлөрдөн улам азайып бараткандыгы өкүндүрөт. ЖМКлардын коомдогу орду, ролу жөнүндө бизде майрамдан башка күндөрү деле көп жакшы сөздөр айтылат, грамоталар тапшырылып, наамдар берилүүдө. Жетекчилерибиз Батышка барганда сөз эркиндигин коргоп, сактай тургандыгы жөнүндө отчетторду да берип келишет. Алар эч кимге ысык суугу жок ритуалдык нерселер. Ал эми практикалык жактан журналистиканы өнүктүрүү боюнча чеке жылытарлык иштер аткарыла элек. Кошуна өлкөлөрдүн айрымдарында ЖМКларга алык-салыктардан жеңилдиктер каралган, журналисттерге батирлер да берилип турулат. Социалдык колдоолору бар. Мисалы, эгерде журналисттер өздөрүнүн каалоосуна байланышпаган жагдайлардан улам жумушсуз калышса, аларга бир жылга чейин жөлөк пулдар төлөнүп тура турган өлкөлөр да бар. Бизде алардын бири да жок, акысыз батирлер күч органдарында иштегендер үчүн гана курулат. А түгүл экс-президенттин тушунда Башкы прокуратуранын, атайын кызматтын ондогон кызматкерлерине акысыз батирлер берилбедиби. Бул эми шермендечилик. Башкы прокуратурада иштегендердин социалдык абалдары мугалимдердикинен, врачтардыкынан, журналисттердикинен начар дегенге ким ишенет? Албетте, ага бала деле ишенбейт. Ошондуктан өкмөт батирлерди курганда күч органдарын эле ойлой бербестен башка айрым аярлуу социалдык категорияда-гылар менен бирге журналисттерди да эске алса жакшы болмок.

Баса, Эльнура (Кулуева) эже баштаган топ “Президентке кат куржун” демилгесин башташып, бир катар журналисттердин каттарын өлкө башчысына жеткиргени турушат. Менимче, ал каттарда жогоруда айткан көйгөйлөр тууралуу да жетиштүү эле жазылды болушу керек. Демек, президент алар менен таанышып, бул маселеде муз ордунан жылат деп ишеним артып, илгери үмүт кылып туралы.

– Журналисттердин баары саясатка жакын болот эмеспи. Президенттин бир жылдык иштери, жалпы эпе саясый кырдаал жөнүндө эмнелерди айта аласың?

– Тилекке каршы, аракеттеги президент эң ыңгайсыз шартта өз ыйгарымдарын аткарууга киришкен. Биринчиден, “КСДПнын штабынын чечимдерин аткаруучу эле болуп калабы?”- деп шектенгендер көп болду, ага да негиздер бар болчу. Экинчиден, аракеттеги президенггин ыйгарымдары мурдагы президенттердикине салыштырганда кыйла чектелүү, кеңири маневрлерге мүмкүнчүлүгү аз. Үчүнчүдөн, ал бир эле мөөнөттүн адамы. Ал эми бир мөөнөттө баштагандарды толук аягына чыгаруу эң эле кыйын, айрымдары мүмкүн да эмес. Убакыт а бу дегиче эле өтүп кетет. Бирок, жогорудагыдай терс жагдайларга карабастан аракеттеги президент өзүн мамлекеттин, Башмыйзамдын гаранты катарында толук ырастай алды.

Бизде экономикалык, социалдык маселелердин бардыгы өкмөткө жүктөлгөн, бирок өкмөт президенттей бекем убакыттык лимити бар туруктуу орган эмес. Анын бир депутаттыкынча да иммунитети же кепилдиги жок. Буга чейин 27 жылдын ичинде 29 өкмөт алмашса, мындан ары да андай болбошуна эч кандай кепилдик жок. Демек, өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык абалдарга кааласа да, каалабаса да, айрымдары ыйгарымдарына кирбесе да баары бир толугу менен президент жооп берет. Андан башка жооп бере турган туруктуу орган да, кызматтык адам да жок. Эл түгүл мыйзамдарды чемичкедей чаккан саясатчылар да ошондой түшүнүшөт, ошого көнүп калышкан. Алардын айрымдары президенттен өлкөнүн экономикалык, социалдык абалы боюнча отчёт талап кылып жатышпайбы.

Жаңы бийлик калыптануу этабынан ийгиликтүү өтүп, ордун ишенимдүү бекемдеди. Айрым саясатчылар, экстер канчалык ойурулушпасын саясый абал мындан ары олку-солку болбойт, тескерисинче туруктуулугу артат деп ойлойм. Бирок, өлкө айрым кечиктирилгис реформаларга муктаж болуп турат.

– Кайсы реформаларды айтып жатасың?

– Азыр өзгөчө актуалдуу болуп жаткан сот реформасы жөнүндө бир нерсе дей албайм, аны кантип баштап, кантип аягына чыгарууну элестете да албайм. Анткени, мен пара албаган сот, прокуратура кызматкери болот экен дегенди уккан эмесмин. Болгону бирлери көбүрөөк алса, экинчилери азыраак алат. Анан кантип сот реформасын ишке ашырышат, түшүнбөйм.

Бирок, башка чөйрөлөрдү реформалоо боюнча туруктуу ойлорум, көз караштарым бар. Менимче, азыр райондук, облустук звенолордогу башкаруу органдарын реформалоо өзгөчө акгуалдуу болуп турат. Аймактардагы өнүктүрүү – негизги сансаттардын бири болууда. Туура, күчтүү аймактарсыз – күчтүү мамлекет болбойт. Бирок, азыр облустук, райондук звенолор алсыз, күчсүз, бюджеттери жок. Акимдердин, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн чарбалык, кадрдык, каржылык ж.б. маселелер боюнча ыйгарымдары тоталитардык деген мурдагы советтик мезгилдеги райкомдордун, обкомдордун укуктарынын ондон биринче да жок. Жадегенде райондун башкы архитекторун да өздөрү чече алышпайт. Колдорунда жетиштүү рычагдары болбой туруп, анан кантип алар аймактарды өнүктүргөнгө таасир көрсөтүшөт, натыйжалуу жетекчилик кыла алышат?

Менимче, тез арада губернаторлук, райкеңештик институттарды калыбына келтирип, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кадрдык, чарбалык иштер боюнча жетиштүү укуктарды берип, аларды бюджет болбосо да белгилүү өлчөмдөгү каражаттар менен камсыз кылуу керек.

– КСДП партиясындагы бөлүнүп жарылуулар жөнүндө оюң кандай?

– Азыр ЖМКлардын бардыгы эле “Кожобек Рыспаев, Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылды”- деп жазып жатышат. Алар партиянын эле катарында, саясый кеңештин чечими легитимсиз болсо же анын 37 мүчөсүнөн добуш бергенге 7-8 эле катышса, алар кайдан чыгарылат? Коллегиалдуу органдын чечими легитимдүү болушу үчүн анын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы колдоп добуш бериши керек. Ал уставдык талап. Бул маселе боюнча башканы кошумчалай албайм, анткени, КСДП фракциясынын катчылыгында иштеймин. Бирок, саясый партияда бөлүнүп, жарылуулар күчөп, элдешкис кайчы пикирлер жаралганда, ага партиянын курултайы гана чекит коё алат. Курултайдын айрымдарды партиядан мыйзамсыз чыгаруу аракеттерин карап, баа бергенге да укугу бар. Бул саясый партиялардагы мурдатан келаткан салт. Ошондуктан КСДП партиясынын мындан аркы тагдыры партиянын алдыда болчу курултайындагы чечимдерге жараша болот го.

Азамат Газиев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: