Menu

Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовду жарандыгынан ажыратуу тууралуу доо арызын артка кайрып алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-ноябрда Биринчи май райондук сотундагы отурумда Мамлекеттик каттоо кызматы экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жарандыгынан ажыратуу арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу мурунку калаа башчынын коргоочусу Сергей Слесарев билдирген.

Маалыматка караганда, сотко Мамлекеттик каттоо кызматынын департаментинин жетекчиси Мухаббат Пратовадан арызды кароосуз калтыруу жөнүндө өтүнүчү менен кат келген. Сот анын өтүнүчүн аткарган. Аталган иш аяктады.

Доо арыздын ээлери соттук отурумга келишкен эмес. Мамкаттоо кызматы азырынча пикир бере элек.

Сергей Слесарев билдиргендей, Мамкаттоо кызматы доо арызында аталган документтерди сотко көрсөткөн эмес. Мурунку сот отурумдарында алар соттук процессин кармап, документтерди сотко тартуулабагандыгы  жана доо арыздагы кемчиликтерди дагы оңдобогондугу жөнүндө айтылган.

Эске салсак, 21-сентябрда УКМК Кубанычбек Кулматов мыйзамсыз жол менен Кыргызстандын жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымдаган.

“1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жаранынын паспортун жоготконуна байланыштуу Кулматов Россия Федерациясынын паспортун алган” – деп билдирген УКМК.  Андан соң Мамкаттоо кызматы аны Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Кубанычбек Кулматов азыр УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал ЖЭБди модернизациялоо боюнча иштин фигуранты катары тергөө алдында.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: