Menu

Кытайда 12 жылдан бери комада жаткан адам өзүнө келди

Бөлүшүү:

Кытайда 12 жылдан бери комада жаткан адам көзүн ачты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.

Маалыматка караганда, Ван Шубао аттуу жаран 2006-жылы унаа кырсыгына кабылып, алган жаратынан эсине келбей комага түшкөн. Ошол кезде Ван 36 жашта болчу.

Ал эми Ван Шубаонун апасы Вэй Минъин 75 жашта. Ал уулун 12 жыл күнү-түнү карап, уулу көзүн ачкан учурда дагы жанында болгон. 12 жылдын ичинде баласынын ден соолугу жакшырып кетиши үчүн колунда болгон бардык байлыгын короткон, карызга да баткан. Тамак-аш алууга каражаты жетпей бир ай жалаң суу ичип жан бакканын билдирген.

Вэй Минъинин 12 жылдан соң көзүн ачкан уулунун сакайып кетүүсүнө үмүтү чоң. Учурда баласыкыймылдап, бирок сүйлөй албайт.

“Мен абдан кубанычтамын. Уулум толугу менен айыгып кетет деп үмүттөнөм. Мен ага чейин көз жумбайм”– дейт Вэй Минъин.

Ван Шубаонун атасы ал кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Баласы үчүн бардык камкордук энеси өз мойнуна алган.

Булак:KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: