Бүгүн, 14-ноябрда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин көчмө жыйынына катышкан. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын ММК жана коомчулук менен байланыш кызматы билдирген.
Кезектеги отурум республикадагы туризм тармагын өнүктүрүүгө арналган.
Өкмөт депутат Дастан Бекешевдин 2025-жылга чейин калкынын сапаты жакшы өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстандын аймагына чет элдик жарандарды визасыз кирүү режиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндө мыйзам долбооруна оң тыянак чыгарып берген.
Депутат Дастан Бекешевдин мыйзам долбоору дүйнөнүн 45 мамлекетинин жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүү режиминин мөөнөтүн чектебей, туруктуу негизде кылууну сунуштайт.
“Өкмөт мыйзам долбоорду жактырып, учурдагы 45 өлкөнүн катарына дагы 10 мамлекетти кошууну сунуштаган,” – деп билдирген Бекешев.
Муну менен жарандары визасыз кире алчу өлкөлөрдүн катарына Болгария, Румыния, Оман Султанаты, Кипр жана башкаларды кошуу сунушталган.
Депутаттын билдирүүсүндө, бул сунушка макул болууга болот, анткени өлкөгө канча көп турист келсе, ошончо жакшы болот. Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, постсоветтик аймакта Кыргызстан бул чечимди кабыл алган биринчи өлкө болот.
Аталган тажрыйба Мексика жана Албания өлкөлөрүндө бар. Мисалга, эгерде бир жаран Америкага кирсе, аны ал өлкөнүн атайын кызматтары текшерүүгө алат. Кийин ал жаран Албания менен Мексикага дагы кире алат, анткени АКШга кире алган жаран ал өлкөлөргө дагы кирсе болот.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын “Кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстандын аймагына 60 күн убакытка чейин кирүүгө визасыз режим киргизүү “ жөнүндө мыйзамына ылайык, төмөнкү өлкөлөрдүн жарандарына уруксат берилген:
Австралия Биримдиги
Австрия Республикасы
Бельгия Королдугу
Босния жана Герцеговина
Ватикан
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу
Венгрия
Германия Федеративдик Республикасы
Нидерланддар Королдугу
Грек Республикасы
Дания Королдугу
Исландия
Испания Королдугу
Италия Республикасы
Канада
Түштүк Корея Республикасы
Кувейт мамлекети
Латвия Pеспубликасы
Литва Республикасы
Лихтенштейн Княздыгы
Люксембург Улуу Герцогдугу
Мальта Республикасы
Монако Княздыгы
Жаңы Зеландия
Норвегия Королдугу
Бириккен Aраб Эмирлиги
Польша Республикасы
Португалия Республикасы
Сауд Арабия Королдугу
Сингапур Республикасы
Словакия Республикасы
Словения Республикасы
Америка Кошмо Штаттары
Финляндия Республикасы
Франция Республикасы
Хорватия Республикасы
Чехия Республикасы
Швейцария Конфедерациясы
Швеция Королдугу
Эстония Республикасы
Катар мамлекети
Бруней-Даруссалам мамлекети
Бахрейн Королдугу
Япония
Көчмө жыйында вице-премьер министр Замирбек Аскаров билдиргендей, КР Өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата кабыл алынган “Биримдүүлүк. Ишеним. Жаратуучулук” программысынын алкагында ар бир тармакта, анын ичинде туризмде дагы класстерлерди түзүү каралган.
“Өкмөт туризм тармагында саясат жүргүзгөн мекеменин укуктарын кеңейтүү жөнүндө маселени кароодо. Аталган мекеме туризмди өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияларды иштетүү, ата мекендик туризмдин өнүгүүсүнө шарттарды түзүп берүү маселелерине жооп берет. Өткөндүн практикасы “Класстерлер жөнүндө” мыйзам долбоорду кабыл алуубуз керек экенин көрсөттү,” – деп билдирди Замир Аскаров.
Андан сырткары, КР Өкмөтү Жогорку Кеңешке бир тараптык негизде “Ачык асман” режимин киргизүү жөнөндө мыйзам долбоорун жөнөткөн.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ