Menu

Хованский көрүстөнүндөгү мушташ боюнча сот өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Москва шаардык сотунда үч тажикстандык жарандын өмүрүн алган Хованский көрүстөнүндөгү жапырт мушташ боюнча өкүм чыкты.

Көрүстөндүн жетекчиси Юрий Чабуев менени “Здоровая нация” коомдук уюмунун тең түзүүчүсү Александр Бочарников башаламандыктын уюштуруучулары катары табылды. Алар 11 жана 9 жылга эркинен ажыратылды. Мушташтын катышуучуларынын бири – эки кишини унаа менен койдуруп кеткен Эльбек Вадуев 11,5 жылга түрмөгө кесилди. Дагы 13 киши калайманга катышканы үчүн 3,5 жылдан 5,5 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Мушташтын уюштуруучуларынын бири катары шектелип жаткан “Здоровая нация” коомдук уюмунун лидери Георгий Макарьев май айында кармалган, ага чейин ал издөөдө жүргөн. Дагы бир катар айыпталуучулардын иши иликтенип бүтө элек.

2016-жылы 14-майда Москвадагы Хованский көрүстөнүндө тажик жана кавказ тектүү жарандар арасында жапырт мушташ чыгып, үч киши набыт болгон. Үчөө тең тажикстандыктар экени расмий бышыкталган. Мушташта ок атуучу курал да колдонулуп, айрымдар жараат алганы кабарланган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Кавказ тектүү жарандардан жана орустардан турган топ көрүстөндө иштеген мигранттарга салык салып, кирешелерин тең бөлүшүүнү талап кылган.

​ Хованский мүрзөсү Новая Москва деген жерде жайгашкан. Ал 1972-жылы ачылган жана Орусиянын борборундагы эң чоң мүрзө болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: