АКШнын аскердик артыкчылыгы кооптуу деңгээлге чейин кыскарды, анын натыйжасында Америка Орусия жана Кытай менен болгон согушта утулуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Конгресс комиссиясынын атайын баяндамасына шилтеме жасоо менен Washington Post билдирди.
Баяндаманын авторлору Москва менен Пекинди негизги коркунуч катары эсептеген Дональд Трамптын администрациясынын көз каршын тең бөлүшөт, бирок тиешелүү стартегияларды ишке ашыруу үчүн ыкчам чаралар көрүлбөй жатканын белгилешкен.
Документ авторлорунун пикиринде, аты аталган өлкөлөрдүн авторитардык өкмөттөрү АКШга каршы туруу үчүн атайын инструменттерди иштеп чыгууда. Көп жылдардан бери дүйнөлүк аренада үстөмдүк кылып келген Америка куралдуу күчтөрү учурда керектүү ресурстарга жана инновацияларга муктаж. Аналитиктер эгер бир эле учурда эки фронт ачылып калса, АКШ олуттуу жоготууларга учурап, атүгүл утулуп калышы ыктымал деп эсептешет.
Washington Post гезити менен ой бөлүшкөн отставкадагы аскерлер Орусия менен Кытай көп жылдардан бери ири жаңжалга даярдык көрүп жатса, АКШ армиясы бул сыяктуу сценарийди иштеп чыга эле деп эсептешет.
14-ноябрда Норвегия Коргоо министрлиги Орусияны НАТОнун аскердик машыгуулары учурунда GPS системасын иштен чыгарууга катышкан деп күнөөлөгөн. Москва айыптоолорду четке каккан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ