Menu

Илгери колго суу куйгандар, жон эзгендер чоңойду да

Бөлүшүү:

Дегеле куйкум аралашкан сөз бекер жерден айтылбайт. Бука сойуп, касапчылык кылгандар эми аким болуп калды. Насывай чегип жүргөндөр айыл өкмөтүнүн бөлмөсүндө кейрейип отуруп калбадыбы? Кечээ эле аны эч ким адам катары санабай баягыл наспайчыга орун берип койгулачы, кечигип келип калыптыр деген кептер болгону ырас. Буга окшогон салыштырма кептердин аягы эч убакта түгөнбөйт.

Кээде куйкаңды куруштурган мурчтуу кептер ал тургай басма сөз беттерине чыгып кетип жатканы эмнени каңкуулайт? Болгону ичим таптыкты, көралбастыкты айгинелейт. Маселен, бир коомдук ишмер Аалы Карашев менен Икрамжан Илмияновду кезинде колго суу куйуп жүрүшкөн болчу деп кайпып өттү. Антип жетилген жигиттердин сааты чыкса ошентип айткан кишинин инилери, балдары ошолордун колуна суу куйуп калар күнү деле болбойт деп эч ким кепилдикке өтө албастыр? Маселен бир убакта кожоюндун мончодо жонун эзип, шыпыргы менен чапкандар азыр каерде отурат ыя? Көрсө насип буйруп койсо мезгилинде шыпыргыны жонго ырасса чапкандардын тырмагын кайчы менен алып берчүлөр деле табылаары шек жаратпайт. Ошентип ак кызматын кыла беришкендердин деле мөөнөтү келгенде башкалар аларга жойпуланып жагынуунун амалында болушат, же калппы? Демек, илгеркини айтымыш болуп, капталдата сокконду токтотуш керек. Анткени келме кезек деген нерсе жашайт кыргызда…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: