Menu

Кумаровдун каякта экенин ким билет?

Бөлүшүү:

Кезинде жылуу колтукка мурдун тыгып алып, кожоюндардын тапшырмасын бир саат кечиктирбей аткарууга белсенген Болоткан Кумаров деген эргул чыккан. Акырында Чүй облусун жетектеп жүргөн убагында экинчи ыңкылап жүз берип кетип анын да ооматы көккө учканын билебиз.

Жөлөөр-таяр кишилери качып кеткен соң анын кылыктарына шиш сайгандардын далайын кымырган каражаты менен багып келди. Бирок, топтогон арам акчасы ада болгон соң көмүскө жерге башын катып быгып кетти.

Мурда бирге жүргөндөрдүн айтканына кулак төшөсөк Кумаров азыр Москвага безип кетиптир. Кайран Москва кимдерди гана калкалап келген эмес. Безерин да, безгегин да кымтып алууга кудурети жетет. Антсе да далай гектарлаган жерлерди менчигиндей тараткан Бокеңди учурда издегендер көп. Болгону из кубарлардын анчалык аракети байкалбайт. Тигинин берерге пулу жок болсо ким ниетин буруп издегиси келсин? Кыскасы Бакиевдин “куйруктары” башка жактын ырыскысына “ортоктош” болууга аргасыз. Келди дегиче колдоруна кишен салынат. Ошондуктан далдоо жакта оокатын кылууга муктаждык жаралууда.

Булак: “Ачык сөз”

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: