Menu

Айнаш Токбаева сот системасын “чиритип” коюп, эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок

Бөлүшүү:

Эгерде кимдир бирөөнү кор кылсаң, эртеби-кечпи Кудай сени жазалайт. Бул дүйнөдө болбосо да тиги дүйнөдөн шыйрагыңан асылып, отко куйкаланып турушуң ажеп эмес. Адамзатындагы эң биринчи баалуулук – эркиндик! Кайсы гана доор болбосун, укуктардын тебелениши, акыйкатсыздыкка кабылуу кечиримсиз, жүрөктү жаралаган көрүнүш катары сыпатталат.

Жогорку соттун төрайымы катары Айнаш Токбаева иштеп турганда мурда болуп көрбөгөндөй бул системага нааразычылыктар айтылды. Саясый куугунтуктар, репрессия күчөгөн. Соттор карапайым калкган баштап, жогорку элитага чейин сыздатышып, буйрутма чечимдерди кабыл алышканы жашыруун эмес. Жалпысынан алганда, Айнаш Токбаева аталган системанын башында туруп, ого бетер «чиритип», эл алдында жүзү караланса да, натыйжада, эч кандай жоопкерчилик тартпастан жылуу-жумшак ордун өткөрүп берип, азыр жыргап жүрөт. Эгерде Токбаеваны баш кылып, калган жексур сотторду мыйзамсыз чечимдери үчүн жоопко тартканыбызда, адилеттүү коом курууга кадам таштамакпыз. Реформа мына ушундай саясый эрктүүлүктөн башталмак! Ал эми учурда кандай? Фемида айдыңына катаал жазалоо тартиби киргизилбесе, буларды эркелете берсек, анда келечегибиз дагы эле бүдөмүк го? Коомдо адилеттүүлүк орнобосо, тынчтык болбойт эмеспи. Элибиз эңсеген акыйкаттын акыркы ирмемдери соттордо болупатса, а буларың кедеринен кетип атышканы, ушу тапта да тазалануу болбогону өкүндүрөт!

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: