Menu

Айсулуу Мамашова, депутат: Саламаттык сактоо тармагын оптимизация кылуу зарылдыгы бар

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына Бишкектеги дарыгерлер митингге чыгышты. Алар министрликтин үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо маселесине байланыштуу нааразылык билдирип жатышат. Чогулгандар терапевт, педиатр, гинеколог же башка медициналык кесипке ээ болгон адистерди үй-бүлөлүк дарыгерликке окутуута каршы пикирин айтышууда. Алар биринчиден, кыска мөөнөттө буга үйрөнүү кыйын болорун, экинчиден, тиешелүү эмес дарыгерлер карыларды жана балдарды карашы мүмкүн эмес экенин эскертишүүдө. Акцияга чыккан дарыгерлер ошондой эле маяналар министрлик убада кылгандай көбөйбөй жатканын, айлык төлөөдөгү упай системасы туура эмес киргизилгенин сынга алышууда. Министрликтин бул аракетин айрым депутаттар да колдошууда.

– Айсулуу Турусбековна, саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы медицина кызматкерлерин оптимизация кылуу боюнча демилге көтөрүшүүдө. Бирок, буга дарыгерлер макул эмес. Адистерди, мисалы, педиатр, терапевт, гинеколог ж.б. бириктирип, бир врачка айлантуу туура деп ойлойсузбу?

– Бишкектеги дарыгерлер министрликтин алдына структураны өзгөртүүгө макул эместигин билдирип чыгып жаты-шат. Бул маселе опурталдуу, андыктан, терең ойлонулуп ишке ашырылышы керек. Дарыгерлерге жеткиликтүү түшүндүрүлүшү шарт. Негизи «оптимизацияны кантип жүргүзөсүңөр?» деген суроону биз – депутаттар саламаттык сактоо министрлигине жолдогонбуз. Али жооп ала элекпиз. Менимче, тармакта сөзсүз оптимизация кылуу зарылдыгы бар. Мисалы, азыр медиктердин штаттык саны көбөйүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун бир нече орун басарлары бар болгон учурлар көп. Башкы врачтын анча орун басарынын бизге кереги не? Кыскартыш керек. Бишкекте төрт район болсо, ар бир районго бирден жетекчи, бир же эки гана орун басар жетиштүү да. Директорлорду кандай принциптер менен жумушка алуу керектигин да кароо керек. Ал эми митингге чыккандардын «биз кыскарып, жумушсуз калабыз» деген кооптонуулары болуп жатса керек. Министрлик «дарыгерлердин саны кыскарбайт» деп убада берип жатат. Бүгүн-эртең эле чечиле калбайт бул маселе. Тараптардын бир пикирге токтолуусунан кийин гана чечилет. Азыр шашпайлы.

– «Дарыгерлердин маянасын көтөрмөйүн, тармактагы коррупция жоюлбайт» деген маселе бар. Бул ба-гытта Жогорку Кеңеш өкмөткө кандай тапшырмаларды берип жатат?

– Кыргызстанда айлык акы маселеси бир гана медицинада эмес, баардык тармактарда бар. Маяналардын көлөмү аз, жашоо-турмуш корзинасына өп-чап жетет. Айтсак, ушул бүгүн митингге чыгып жаткан дарыгерлер 10 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Албетте, бул аз. «Дарыгерлердин, ден соолук сакчыларынын айлык акыларын карап бергиле» деп өкмөттөн суранып да, талап кылып да келебиз. Бюджет тартыштыгынан улам, ишке ашыра албай жатышат. Сөзсүз көзөмөлдөйбүз.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: