Бишкекте 15 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип жаткан № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек шаарынын 15 жаштагы тургуну дарыгердин кабылдамасында каза болгон. Алдын ала алынган маалыматка караганда, дарыгердин туура эмес аракетинен кыз анафилактикалык шоктон каза болгондугу айтылган. Бул боюнча дарыгерге Кылмыш жаза кодексинин 119-беренеси (медицина кызматкерлеринин өзүнүн кесиптик милдетин так аткарбоосу) боюнча кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ